Жаңылыктар
Талас: Манас айылында ордо оюну уюштурулду
Спорт
Талас: Манас айылында ордо оюну уюштурулду

Талас районунун Манас айылында ордо оюну уюштурулду. Оюнга 40 жаштан кийинкилерден куралган 6 команда катышып, анын ичинен 3 команда байгелүү орундарды алышты. 1-орунга «Ак шумкар» командасы чыгып, 1200 сом акчалай сыйлыкка ээ болгон. 2-орунду «Жалын» командасы ээлеп, 800 сом байге утушту. Ал эми 3-орунга «Жаштык» командасы ээ болду.

Мелдеш улуу-кичүүлөрдүн ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду.