Жаңылыктар
Апрель ыңкылабына 8 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель ыңкылабына 8 жыл

7-апрель – тарых барактарында кара тамга менен сакталып калды. Үй-бүлөлүк, кландык башкарууга чыдабаган эл, дагы бир ирет, кайратман, эркиндикти сүйгөн баатыр эл экенин даңазалады. Апрель ыңкылабынын 8 жылдыгын утурлап, жер-жерлерде эскерүү иш-чаралары өттү.

2010-жылы үй-бүлөлүк - кландык башкарууга каршы бүтүндөй өлкө көтөрүлгөн. Улуттун эртеӊки келечеги бүдөмүк болуп баратканын ал кездеги авторитардык бийлик сезген эмес. Жашоо-турмуштун улам оордоп баратканына чыдабаган эл экинчи ирет ыңкылап жасады. 

Толкундоолор алгач аймактарда башталган. Электр энергиянын баасынын көтөрүлүшүнө теңир тоолуктар биринчилерден болуп нааразычылыгын билдирип чыкса, түрө жабылып чыккан Талас эли, бүтүндөй өлкө калкын шыктандырып, бийликтин алмашуусуна алып келген бурулушту баштап берген.

Өкүнүчтүүсү, 87 эр-азаматыбыз окко учту. Эртеӊки жаркын келечек үчүн жанын курман кылган кырчындай эр-азаматтарыбыздын каны-жаны менен акыйкаттык орноду. Алар дүйнөгө , кыргыз эли- эркиндикти сүйгөн улуу эл экенин даӊазалашты. 

Мына ушул жаркын келечек үчүн жан үрөгөн ыңкылапчыларды Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. Жолугушуу ыңкылапта курман болгондорду эскерүүгө карата уюшулган.

Мамлекет башчынын баамында, Кыргызстан оор сыноодон өтүп, өнүгүү жолуна түштү. Элдин бекем эрки- укуктук жана эркин өлкөнүн түптөлүшүнө негиз болду. “ Бийлик айрым топтордун эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек”,- деген принципти бекем карманаарын айткан өлкө башчы, өзүнүн президенттик мөөнөтүндө үй-бүлөлүк - кландык башкарууга жол берилбей турганын дагы бир ирет белгиледи.