Жаңылыктар
Кыргызстан менен Туркиянын соода алакасын жогорку деңгээлге көтөрүү мерчемделүүдө
Саясат
Кыргызстан менен Туркиянын соода алакасын жогорку деңгээлге көтөрүү мерчемделүүдө

Жакынкы эки жылда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтыгын тереңдетүү жана кеңейтүү тууралуу жаңы келишим түзүлөт. Бул туурасында биздин каналга берген интервьюсунда Европа Биримдигинин Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүл Яап Ора билдирди. 

Анын айтуусунда, көлөмдүү документ Кыргызстан менен Европа Биримдигинин алдыдагы 10-15 жылдагы бардык тармактагы кызматташуусунун негизин түзөт.

Жаңы дайындалган Түркия элчиси Кыргызстанга биринчи жолу келгени менен өзүн экинчи мекенинде жүргөндөй эле эркин сезет. Бул туурасында дипломат президент менен жолукканда да айтты. Женгиз Камиль Фыраттын айтымында, тили, дини жана тарыхы бир эки мамлекет 2011-жылы стратегиялык кызматташуу боюнча кеңеш түзүшкөн. Ал бардык тармакта эки тараптуу мамиленин өнүгүүсүнө салым кошту.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү 400 миллион доллардан ашат. Түрк элчиси Женгиз Камил Фырат эки мамлекеттин соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү мындан да жогору деген пикирде. Алдыда соода жүгүртүүнүн көлөмүн миллиард долларга жеткирүү мерчемделип жатат дейт ал.