Жаңылыктар
Кыштут айылында окуучулар 58 жыл мурун курулган мектепте билим алышууда
Аймак
Кыштут айылында окуучулар 58 жыл мурун курулган мектепте билим алышууда

1960-жылдан бери бир да жолу капиталдык ремонттон өтпөгөн Кыштут орто мектебинде окуучулардын билим алуусу күндөн-күнгө кооптуу болууда. Ашар ыкмасында салынган мектептин пайдубалы чөгүп, дубалдары жарылып, окуу бөлмөлөрү ным тарта баштаган.  

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариялык абалда экендиги аныкталса да эч бир тараптан көңүл бурулбай жатканына мугалимдер нааразы.

300гө жакын окуучу сыз жыттанган окуу класстарында билим алып, аны менен катар эле ден соолугуна да зыяны тийип жатканын айтышууда. Кыштут орто мектеби 1960- жылдары элдик ашар ыкмасында салынгандыктан эскилиги жетип, авариялык абалга кептелген. Бирок, жарым кылымдан ашса да капиталдык ремонттон өтпөй окуучуларга түйшүк жаратууда.

Азыркы учурда мектеп имаратынын дубалдарынан да жарака кеткен. Мугалимдер сыртынан эле актап, сырдап коюшат. Жыл өткөн сайын кулап калуу коркунучу күчөгөнү күчөгөн. Мектептин акыбалын жакшы түшүнгөн ата-энелер да мектепке балдарын жөнөтүүгө кооптонуп калышкан. Айласыздан кайрадан ашар жолу менен мектеп курууга даярбыз дешет.

Баткен районунун аймагында Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 2014-жылга чейин бир да мектептин курулушу жүргөн эмес. 25 жыл аралыгында гана район боюнча 11 мектептин курулушу башталып, өткөн жылы 5 мектеп пайдаланууга берилген.
Ал эми авариялык абалдагы Кыштут орто мектеби тууралуу райондук билим берүү бөлүмү жооп берүүдөн баш тарткандыктан, качан көңүл буруп, курулушун баштай турганы ачык маселе бойдон калды.
Уулжан Тураева, Ырысбек Мазайит уулу КБК Баткен.