Жаңылыктар
Бүгүн спорт кызматкерлеринин күнү
Спорт
Бүгүн спорт кызматкерлеринин күнү

Улуттун жүзүн маданият менен спорт таанытат. Андыктан Бириккен Улуттар Уюму 2013-жылы 23-августта Эл аралык спорт күнүн жарыялаган. 2014-жылдын 14-январында өкмөттүн токтомуна ылайык өлкөбүздө бул майрам жыл сайын 6-апрелде белгиленип, спорттун бир катар түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп жүрөт.

6-апрель Эл аралык Дене тарбия жана спорт күнүнө карата Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда майрамдык иш-чара өттү. Ага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлер, спорт ардагерлери менен эмгеги сиңген машыктыруучулар катышты.

Иш-чарага арналып кызматкерлер арасында футбол, воллейбол, шахмат жана жеңил атлетика сыяктуу бир катар спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өттү.

Өткөн жыл биздин спортчулар үчүн жемиштүү болду. Тажрыйбалуу машыктыруучулардын эмгеги менен көптөгөн жаш спортчулар дүйнө, азия чемпиондору аталды. 2017- жылы өткөн эл аралык жана мамлекеттик расмий мелдештерде Кыргызстан 251 алтын, 201 күмүш жана 309 коло медаль уткан. Спортчулардын мындай ийгилигин көрүп өсүп келе жаткан муун үлгү алууда.