Жаңылыктар
С.Жээнбеков Апрель окуяларында курман болгондорду эскерди
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков Апрель окуяларында курман болгондорду эскерди

Өлкө жетекчилери "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Апрель ыңкылабында курман болгон баатырларды эскерди. Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Соттун Төрайымы Айнаш Токбаева жана экс-президент Роза Отунбаева ыңкылаптын баатырларынын ысымдары жазылган дубалга гүл койду. 

Мурда эскерүү иш-чарасына экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева чакырылганы кабарланган. Анткен менен Алмазбек Атамбаев иш-чарага келген жок. Апрель ыңкылабынын катышуучулары, курман болгондордун жакындары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда куран окулду.