Жаңылыктар
Телефон аркылуу жалган маалымат тараткан адам кармалды
Кылмыш
Телефон аркылуу жалган маалымат тараткан адам кармалды

"Бишкектеги Ататүрк эс алуу багында бомба коюлган", - деген билдирүү тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы билдирди. 8-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөттөгү кызматына билдирүү түшүп, ИИМдин жана УКМКнын ыкчам тобу барып, ал жер курчоого алынган. Чөлкөм текшерилип, жарылуучу же шектүү буюм табылган эмес.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 1974-жылы туулган Бишкектин тургуну кармалган. Ал мас абалында бейбаштык кылып, жалган телефон чалуу жасаганы аныкталган.

Факты боюнча УКМК "терроризмге байланыштуу жалган билдирүү тараткан", деп кылмыш ишин козгоп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.