Жаңылыктар
Бишкек: унаасын башкара албай калган айдоочу аялдамага барып урунган
Кырсык
Бишкек: унаасын башкара албай калган айдоочу аялдамага барып урунган

Асанбай кичи районунда айдоочу унаасын башкара албай аялдамага кирип кетти. Кырсык 9-апрелде таңкы саат алтылар чамасында болгон. 

Жүрөктүн үшүн алган окуянын видеосун күбөлөр жергиликтүү маалымат агенттиктердин бирине жиберген. Тасмадан "Мercedes-Benz" үлгүсүндөгү унаа чимирилип барып, аялдаманы сүзгөнүн көрүүгө болот. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 25 жаштагы айдоочу унаасын башкара албай калып, аялдаманы жана анда турган аялды сүзгөн. 

Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берип, аялдама талкаланып кеткен. Тийиштүү материалдар Октябрь райондук тергөө бөлүмүнө берилип, иликтөө иштери башталды.