Жаңылыктар
С.Жээнбеков Түркияга жасаган расмий сапардын алкагында түрк президенти менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков Түркияга жасаган расмий сапардын алкагында түрк президенти менен жолукту

Анда эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө маселеси талкууланып, тараптар алаканы арттыруу ниетин билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар келишимдерди түзүү каралган. Маселен Түркияда эмгектенген кыргыз жарандары Кыргызстанга кайтып келген учурда Түркияда иштеген мезгили үчүн өз мекенинде жүрүп пенсия ала алат. Эгер жаран Кыргызстанда камсыздандырууну ишке ашырса, эки өлкөнүн тең пенсиясын алууга мүмкүнчүлүгү болот. Калыгул Асамбаев кененирээк айтып берет.

Анкара шаарына жакын жайгашкан “Эсенбога” аэропортунда Президент Сооронбай Жээнбековду вице-премьер-министр Хакан Чавушоглу, Анкара облусунун губернатору Эржан Топажа, шаар мэри Мустафа Туна баштаган Түркиянын бийлик өкүлдөрү тосуп алды. Ошондой эле эки өлкөнүн элчилери да коштоп жүрдү. Ардак кароолдун аскерлери тизилип, бийик даражалуу мейманды тосуп алуунун бардык жөрөлгөлөрү жасалды. 

Анкарага иш сапар менен келген расмий өкүлдөр Түркия Республикасын түптөгөн инсандын мавзолейинен кыя өтпөйт. Президент Сооронбай Жээнбеков Мустафа Кемаль Ататүрктүн бейитине гүл койду. Президенттердин жолугушуусу алгач тар курамда өткөрүлдү. Кызматташтыктын жанданышына эки өлкө тең кызыкдар. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкка байланыштуу бир катар маанилүү келишимдерди түзүү каралган. Алардын бири мигранттарга байланыштуу. 

Түркияда эмгектенген кыргыз жарандары Кыргызстанга кайтып келген учурда Түркияда иштеген мезгили үчүн өз мекенинде жүрүп пенсия ала алат. Эгер жаран Кыргызстанда камсыздандырууну ишке ашырса, эки өлкөнүн тең пенсиясын алууга мүмкүнчүлүгү болот. Мамлекет башчылары кеңири курамда да жолугушуп, кызматташтыктын багыттарын талкуулайт. Президент Сооронбай Жээнбековдун Анкарага жасаган эки күндүк расмий иш сапарынын алкагында Түркиянын Премьер-министри Биналы Йылдырым, Парламент Төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушуу да каралган.