Жаңылыктар
С.Исаков «Балыкчы-Корумду» авто жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
С.Исаков «Балыкчы-Корумду» авто жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Премьер-министр Сапар Исаков 7-апрелде, Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында «Балыкчы-Корумду» жолунун Чырпыкты айылынын тилкесиндеги курулушунун жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы «Лонг Хай» жалданма компаниясына аткаруучу компаниялар ортосундагы бардык орун алган маселелерди жоюусун тапшырды. Ошондой эле, жайкы туристтик мезгил учурунда эс алуучуларга ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн курулуш иштеринин жумуш тартибин иштеп чыгуу тапшырылды. Мындан сырткары өкмөт башчы эс алуу жайларынын жетекчилери менен жолугуп, даярдык иштеринен кабар алды. 

Ысык-Көл облусундагы жаңы салынып жаткан 104 чакырым жолдун узундугуна 43 чакырым асфальттын алдыңкы катмары, 35 км үстүнкү катмары төшөлүп бүткөн. Жерди даярдоо иштери 70%, курулуш шаймандарын тургузуу 70% бүткөрүлгөн. Андан тышкары 12 көпүрөнүн курулушу аягына чыккан. Премьер-министр 2018-жылдын 1-июнуна чейин «Балыкчы-Корумду» унаа жолунун 33-43,5 км чейинки жана 85-104 км чейинки аралыгын асфальт-бетон менен төшөө иштерин өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо тапшырмасын берди. Андан кийин Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы агынды сууларды тазоолочу курулмаларын реабилитациялоо, куруу долбоору менен таанышты. 

Бул жай азыр жарым жартылай гана иштеп экологияга терс таасирин берип жатат. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев мекеме тарабынан белгиленген аймактын калктуу пунктарына ичүүчү сууну камсыздоо жана суу берүүнү өнүктүрүү боюнча тутум иштелип чыкканын маалымдады.

Премьер-министр «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын ипподромунун аймагында өткөн ишембиликке катышты. Ошондой эле иш чаранын алкагында Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин алдындагы «Этномаданият жана ат үстүндөгү спорттук индустрияны өнүктүрүү борборунун» директору Эламан Мамытов Премьер-министрге үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.