Жаңылыктар
Жаздын келиши менен ордо калаада жолдорду оңдоо иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жаздын келиши менен ордо калаада жолдорду оңдоо иштери башталды

Бишкек мэриясынын быйылкы планында өткөн жылы башталып, бирок аягына чыкпай калган жолдорду да бүткөрүү тапшырмасы турат. Ошондой эле быйылкы ремонттоо иштеринде баш калаанын борбордук көчөлөрүн оңдоо артыкчылыктуу кадамдардан. Быйыл Бишкек шаарында жол ондоо боюнча чоң көлөмдөгү иштер каралган. Анын алкагында былтыр башталып, бирок аягына чыкпай калган 75 чакырым жол жана 2018-жылдын планына киргизилген 38 чакырым жол бар.

 Ушул тапта ордо калаадагы 8 көчөдө ремонт иштери башталды. Ошентип Бишкекте жол боюнча эки ири долбоор ишке кирди. Анын негизги максаты - ордо калаадагы жолдорду калыбына келтирүүгө багытталган. Алгачкылардан болуп оңдоо иштери башталган шаардын борбордук көчөлөрүнүн бир канча бөлүгү жабылды. Ушул тапта жабык турган Чүй проспектисинин Шабдан Баатыр көчөсүнөн Айматов көчөсүнө чейинки аралыкта 15-майга чейин ремонт иштери жүрөт.

Ал ортодо "Бишкек асфальт сервис" ишканасы быйыл май айында дал ушул аймакты толугу менен ремонттон өткөрүүгө убада берип жатат. Себеби бул тегеректе ири өндүрүш ишканалары көп жайгашкандыктан, көптөн берки каралбай калган жолдор, айдоочулардын көкөйүнө көк таштай эле тийип бүткөн. Мындан сырткары "Бишкек асфальт сервис" ишканасы тарабынан 50 чакырым жол оңдолот. 

Бирок ишкана негизги иштерди окуучулар менен студенттер каникулга тараган мезгилге тууралап жатат. Себеби бир эле мезгилде көчөлөрдүн көбүн жаап ремонт иштерин жүргүзүү шаардыктарга бир катар ыңгайсыздыктарды алып келгидей. Айта кетсек убактылуу жабылган жолдордун асфальт-бетон катмары калыбына келтирилип, жол жээгиндеги тосмолор менен кошо жол белгилери да жаңыланат.