Жаңылыктар
Тышкы саясат маселеси талкууланды
Саясат
Тышкы саясат маселеси талкууланды

 Кыргызстандын улуттук таламдарын коргоо жаатындагы демилгелер, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевден кабар алды. 

Жолугушууда мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясий ишмердиги, ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттарын өнүктүрүү жолдору тууралу маалымат берилди. 

Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн улуттук таламдарын коргоо милдеттерин эл аралык укук нормаларына ылайык өз маалында жана так ишке ашыруу үчүн тыкыр жана салмактуу мамилени талап кылган проблемаларды конструктивдүү чечүүгө багытталган курсту кыйшаюусуз улантуу зарылдыгын баса белгиледи.