Жаңылыктар
Кыргыз жаранын аткан өзбек чек арачылары боюнча кылмыш иши козголду
Чек ара
Кыргыз жаранын аткан өзбек чек арачылары боюнча кылмыш иши козголду

Өзбекстандын чек арачылары тарабынан атылган кыргыз жаранынын окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кылмыш ишин Жалал-Абаддын Аксы райондук ички иштер бөлүмү ачты. 

Эске салсак, Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Фархад Мырзакалыков 7-апрелде өзбек чек арачылары тарабынан ок жеп, каза тапкан. Расмий Бишкек окуяга байланыштуу Ташкентке нота жиберген. 

Бул окуяны Премьер-министр Сапар Исаков өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен 8-апрелде телефон аркылуу талкуулаган. Учурда эки тараптын тийиштүү органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.