Жаңылыктар
Жети-Өгүз районунда кыргыздын залкар адамдарын эскерилди
Маданият
Жети-Өгүз районунда кыргыздын залкар адамдарын эскерилди

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Шеримбек Шаршеев атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары залкарларды эскеришти. 

Окуучулар залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына, Ы.Тумановдун 130, Н.Абдрахмановдун 70, Т.Абдиевдин 80 жылдыгына карата концерттик программа тартуулашты.

Мектептин директору Жумагүл Асыпбаева ар бир маданий иш-чара уюшкандыкта өткөрүлүп келгенин белгиледи.

Окуучулар мугалимдери менен биргелекте Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышып, күүлөрдү чертип, бий бийлешти. Маданий кечеге окуучулардын ата-энелери чакырылган.