Жаңылыктар
Үй камагына кесилген эки киши дайынсыз болууда
Кылмыш
Үй камагына кесилген эки киши дайынсыз болууда

Үй камагына кесилген эки киши дайынсыз болууда. Мындай маалыматты “Ала-Тоо 24” каналына Жазаларды аткаруу кызматынан билдирди. 

Уурулук боюнча 2 жылга эркинен ажыратылган Тажикстандын тургуну Зафаржон Исматов жана документти жасалмалоо үчүн 4 жылга соттолгон Өзбекстандын жараны Буриев Аскаржондор 8-апрелден бери дайынсыз болууда. 

Эскерте кетсек, үй камагына кесилгендер эл менен аралашып оокатын кылып жүрө берет. Бирок бир жумада бир жолу Жазаларды аткаруу кызматына барып, кабарын билгизип туруу керек. Эгер көрсөтүлгөн мөөнөттө келбесе, үч күндүн кийин "качып кетти", деп эсептелет. 

Эгер алар өздөрү келбесе, үстүнө дагы жыл кошулуп, үй камагында эмес, кайтарууга алынган мекемеде жазасын өтөйт. Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча үй камагына кесилип, издөө жарыяланган 1 жарым миң киши бар. Бул өлкө эгемендикти алгандан берки көрсөткүч. Булардын канчасы тирүү экени да белгисиз.