Жаңылыктар
Айнур Абдылдаева Юстиция министрлигине көрсөтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Айнур Абдылдаева Юстиция министрлигине көрсөтүлүүдө

Айнур Абдылдаева Юстиция министрлигине көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңешке өз сунушун жолдоду. Айнур Абдылдаева 2017-жылдын жай айларынан бери министрликте статс-катчы болуп эмгектенип келет.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган министрликти жетектеп келген Уран Ахметов 2-апрелде иштен кеткен.

Өкмөттүн Аппаратынын башчылыгына Мурат Мукамбетовдун талапкерлиги каралды. Аталган талапкерди Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштады. 

Комитет мүчөлөрү Мукамбетовдун талапкерлигин жактырышты. Мурат Мукамбетов Өкмөттүн Аппаратында 2003-жылдан бери иштейт. 2012-жылдан тарта Өкмөт Аппаратынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген. 

Бул кызматты буга чейин Нурханбек Момуналиев жетектеген. Ал 12-мартта кызматынан кеткен.