Жаңылыктар
Президент Түркиядагы мекендештер менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Түркиядагы мекендештер менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасына жасаган эки күндүк расмий сапарынын алкагында Түркиядагы кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Түркиянын ар кайсы булуң бурчунда иштеп, жашап жүргөнүнө карабай мекендештердин жолугушууга келгенине ыраазычылык билдирди. Жолугушууда ал Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берип, алдыда Түркиянын Премьер-министри жана парламент Төрагасы менен жолугуусу күтүлүп жатканын айтты.


Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу орчундуу маселелерди натыйжалуу нукта сүйлөштүк. Кыргыз-түрк мамилелерине кенен токтолдук. Биз бул жолугушуунун жемиштүү болгонуна канааттанабыз", - деди мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков.


Мамлекет башчы Түркиянын Президентинин Кыргызстанда өтө турган 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келүүгө убада бергенин кошумчалады.


Мекендештер менен жолугушуу учурунда Президент Түркияда иштеген Кыргызстандык жарандарды социалдык жактан камсыздоо маселеси чечилгенин белгиледи.