Жаңылыктар
ЖК: Президенттин Башкы прокурорду бошотуу тууралуу сунуштамасы колдоого алынды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК: Президенттин Башкы прокурорду бошотуу тууралуу сунуштамасы колдоого алынды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны иштен бошотууга уруксат берүү маселесин карады.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурорго байланыштуу сунушун Президенттин Аппаратынын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. 

Анда Башкы прокурорго коррупцияга каршы чараларды координациялоо боюнча милдеттер жүктөлгөнү, бирок бул багыттагы аткарылган иштер жетишсиз болгону белгиленген. 

Жыйынтыгында Президенттин сунуштамасы эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты. Тармактык комитет Конституциянын 76-беренесинин 2-4-пункттарына ылайык сунуштаманы карап чыгып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына Жолдубаеваны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берүү сунушун киргизүү чечимин чыгарды. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев бул маселе боюнча баяндамачы катары белгиленди.