Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев жана Кыргызстан эл ассамблеясынын төрагасы, академик Бектемир Мурзубраимов менен маек.
Биринчи радио: Өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын туруктуулугу эл ичиндеги ынтымактан, жарандардын аракетинен да көз каранды болсо керек. Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалуудан да айрым саясатчылар пайдаланып калууну көздөп жатат деген пикир айтыла баштады.Бексултан агай, кептин чындыгы барбы, сиздин пикириңиз кандай?
Б.Жакиев: Кыргызстан элинин максаты тынчтыкта, ынтымакта жашап өз чарба иштерин жүргүзүү. Кечээ эле Нооруз майрамын өткөрдүк. Бул майрамдын да тилеги жакшы,бири-бириңе ачууланбайлы, кечиримдүү бололу деген. Эл ичинде жылуу маанай жараткан жакшы жактары бар. Бүгүнкү күндө элди кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал сестентип койду. Мына азыр эки тарап тең аскер техникаларын 30дан 8 ге чейин азайтты деп маалымат берилди. Бул дагы окуяны ырбатпай, тынчтык сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болгон аракет. Өзбек тарап биздин жер дейт, кыргыздар биздики деп жатат, мындай талаштуу жерлер көп. Мына ушундай маселелерди туура чечиш керек. Кыргыз элинде сабырдуулук,токтоолук деген бар, мындай кырдаалда апыртып-жапыртып, элди козутууга болбойт. Мына кечээ эле Камчыбек Ташиевдин сөзүн уктук, Таш-Көмүрдүн көпүрөсүндө чогулуп, президент, өкмөт чечпеген чек ара маселесин элдик дипломатия жолу менен чечип коебуз деп жатат. Мамлекеттер ортосундагы чек арадагы талаштуу маселени жүздөгөн кишилерди ээрчитип алып, дипломатиялык жол менен чечүү деген деги эле болбойт. Элдик дипломатиялык жол менен маселе чечүүгө бир эле акылман киши барат. Кыргыз тарыхында Тилекматтын дипломатиялык сүйлөшүүлөрү белгилүү. Ал турсун мындай сүйлөшүүгө үч киши барганын да тарыхта уккан эмесмин. Булар бизди чаап алганы келген экен деп кан төгүлүп, согуш чыгып кетиши мүмкүн. Эл да мындай опурталдуу кадамга барбашы керек.Сабырдуу болуп, оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас деген акыл кепти эстен чыгарбаш керек.
Биринчи радио: Бектемир агай, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Ташкентке расмий нааразычылыгын жиберди, ага Нооруз майрамына карата чек ара аймактарындагы коопсуздукту сактоо ишарааты катары жооп беришти. Мындай маселелер тиешелүү түзүмдөрдүн өз ара сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чечилиши керек эмеспи.Ушундай кырдаал түзүлгөн жерде курултай өткөрүү да уюштуруучулардан жоопкерчиликти талап кылат да.
Б.Мурзубраимов: Ылайым эле ошол жооптогудай Нооруз майрамына карата эле чек ара аймактарын кайтарууну күчөтүү болсо экен дейбиз.Мына кечээ эле Нооруз майрамын майрамдап, Кыргызстандын бардын аймактарында күн чайыттай ачык болуп, элдин маанайын өзгөчө көтөрүп турду. Мен бир нерсени белгилеп кетким келет. Чек арадагы талаш жараткан аймактарды тактоону чечүүдө өтө кылдаттык талап кылынат. Мисалы ким каалаган эле барып, элди чогултуп элдик дипломатиялык жол менен чечүү деген болбойт. Президент, өкмөт чечпей жатат дегенге кошулбайм. Мына Нооруз майрамынын алдында Президент Алмазбек Атамбаев Аксы жергесинде болуп, Аксы окуясында курман болгондорго куран окутуп, элди кыдырып келди. Президент, өкмөт башчы дагы тиешелүү күч түзүмдөрдүн жетекчилерин кабыл алып, жыйындарды өткөрүп жатышат. Премьер-министр Темир Сариев ошол жакта эл менен жолугушуп, маселени жеринде талкуулап жатат. Тышкы иштер министрлиги эл аралык мамилелердин эреже талаптарына ылайык аракетин көрүп, 1996-жылда кабыл алынган эки өлкө ортосундагы түбөлүк достук мамилеси тууралуу да кеп козгоду. Мындай аракеттерди жокко чыгарып, бийлик эч аракет көрбөй жатат деген туура эмес.
Биринчи радио: Биздин өлкөдө митинг, пикет, курултай дегенге эч кандай тыюу салынган жок. Бирок ушундай чек арага жакын жайгашкан жерде элди чогултуп курултай, жыйын ж.б. өткөрүү дагы опурталдуу болсо керек?
Б.Жакиев: Ээнбаштык күчөп кетсе, уюштуруучулар ага ээ боло албай калса анда чатак болот. Элдик дипломатия деп өзү жалгыз барса анда туура болот. Жүрөктүн үшүн алып, тиякан келет, бияктан келет, анан көпүрөнүн жанына чогулуп алып чек араны чечкени барабыз деген туура эмес. Кыргызстанда курултай, митинг, пикет, акциялар өтүп жатат. Ага эч ким бут тоскон жок. Бирок кептин ачыгы андан пайда көрүп калалы деген да жакшы эмес. Элге, мамлекетке, өлкөгө жакшылык ойлогон адам мындайга барбайт. Улуттар арасында жаңжал болуп кетсе деген да күчтөр жок деп эч кимибиз кепилдик бере албайбыз. Оппозиция деген болуш керек. Мына Американы мисалга алалы. Аларда бири-бирине оппозиция болгон партиялар экөө тең Америка күчтүү болсо, кубаттуу мамлекет катары баарынан бийик турса деп тилешет. Бизде да ошондой болушу керек. Кыргызстандын келечеги, бүтүндүгү, элинин ынтымагы үчүн деген кызыкчылыкка биригиши зарыл.
Биринчи радио: Бектсултан агай, Кыргызстанда нааразычылыгын билдирүүгө, митинг-пикет, курултайларды, жыйындарды өткөрүүгө таптакыр эле тыюу салынбай калды. Оппозиция парламентте да бар дегендей. Бирок, ага да негиз, шарт болуш керек да.
Б.Жакиев: Ал үчүн эл начар жашаш керек, эл итке минип калыш керек да мындайча айтканда. Эл башчылары мурдагы президенттердей эл менен эсептешпей, “дардалаңдап” калса ошондо эл нааразы болот. Азыр элде бар, кабаттап там салып жатышат, ар бир үйдө экиден-үчтөн, жок дегенде бирден машина бар. Азыр эл да түшүнүп калды. Элдин пейили оңолуп жатат, саясатта жүргөндөрдүн, бийликке умтулгандардын пейли бузулуп жатат. Мурдагыдай кыйкырсак эле эл ээрчип кетет деген болбойт. Бүгүн Аксы районунун акими радиодон сүйлөп жатат,эл тынч, кооптонууга, нааразы болууга негиз жок дейт. Эми бирди жарым, нааразылар, нааразы болбой жашагысы келбегендер,эч нерсеге топук кылбагандар болушу мүмкүн. 2010-жылдан бери бийликке кыр көрсөтөбүз дегендер,бийликке умтулгандар болуп эле жатат, бирок аларды эл ээрчиген жок. Кыргызстанда мурдагы бийликтин, мурдагы эки Президенттин тушундагы көйгөйлөр чогулуп, алар качкандан кийин өлкө “тешилген тепшинин” жанында отуруп калган. Анткени алар качканда акчаларын, элдин эсебинен чогулткан байлыктарын ала качкан. Кыргызстандын баркын көтөрүш керек. Мисалы мен курултай өткөрөм, бийликке оппозициямын деген жигиттер эмне үчүн элдин улуттук ар намысын коргогон, рухий мурас дөөлөттөрүн даңазалаган иш чараларга активдүү катышпайт. Бири да ушундай элди ааламга таанытууга башытталган иш аракеттерди көрүшпөйт. Мына быйыл Маданият жана тарых жылы деп Кыргызстандын намысын көтөрө турган иш чаралар көп болот. Ушулар аркылуу да өздөрүн көрсөтсө болот. Мисалы көчмөндөр оюнуна эмне деген курулуштар жүрүп жатат, оппозициямын дегендер ошол жерге барып, каражат текке кетпесин, элдин эмгегин жебейли, ичпей-жебей ишти бүтүрөлү десе мен да алардын жанында жүрөт элем.
Б.Мурзубраимов: Мына быйылкы жылда боло турган тарыхый, маданий окуялар абдан көп. Кыргыз эли майрам менен жашаган, мындан ары да майрам менен жашайт. Бирок, ар ким эле өз уруусунун бир адамын алга сүрмөлөп, бул баатыр болгон,балбан болгон деп эстелик тургузуп, өз көмөчтөрүнө күл тартуу туура эмес. Жалпы кыргыз элинин сыймыгы болгон, тарыхта аты калган, элдин намысына жараган тарыхый инсандар, баатырлар менен сыймыктанышыбыз керек. Ал эми быйыл өзгөчө белгилене турган окуя- КР Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен күзүндө өтүүчү Көчмөндөр оюну. Бул Кыргызстанды башка элдерге таанытуунун эң сонун жолу. Бул биздин тарыхыбыз, бул биздин маданиятыбыз. Кыргыз элинин түптүү эл экендигин, улуу эл экендигин ушинтип таанытабыз. 2016-жылдагы белгиленген иш чараларды биримдиктүү,ынтымакта өткөрсөк абдан жакшы болот эле.
Биринчи радио: Кыргызстанда соңку жылдарда демократитя деп өз оюңду ачык айтуу, бийликти сындоо, оппозициялык маанай жаратуу ачык эле болуп калды. Бирок, ар бир айтылган сындын, эл алдында айтылган сөздүн артындагы жоопкерчилик, өлкөдө өкүм сүргөн мыйзам алдын дагы жоопкерчилик да маанилүү да.
Б.Жакиев: Биз эгемендүүлүк жылдарында жоопкерсиздик менен жашап калбадыкпы?! Сөздү айтып коебуз,анын баркына жетпейбиз. Бул эми ар кимдин өзүнөн, анын абийиринен көз каранды. Азыр эл да жоопкерчиликтүү болууну талап кылат. Ар ким өз ордун билиши керек, өзүнө тагылган милдетти так аткарышы зарыл. Жоопкерчилик бар жерде сапат болот, иштин натыйжасы болот. Жоопкерчиликтүү болуу эң эле жөнөкөй нерсе. Арабызда ар кандай адамдар бар. Эң кеңири таралганы мансапкорлук. Мансапка да мыйзамдуу жетиш керек. Мына шайлоо жолу бар. Кыргыз элини н пейили кенен, көтөрүмдүү,намыстуу эл. Ата-бабадан калган бийик, ыйык касиетибизди сактап калсак, каныбызда бар эң сонун сапаттарды кайтарып, эл кызыкчылыгына кызмат кылсак эле эл үчүн, мекен үчүн деген максат орундалат. Жалпы эл биримдикти, ынтымакты каалайт, алардын максаты эле-мамлекеттин бүтүндүгү менен элдин ынтымагы. Улуттук ар намысыбыз бизди курчутуп, улуттук аң сезимибиз бизде дайыма ойгоо туруш керек. Ар намысты жоготуп, куру намыска өтүп кетсек биз көп нерседен айрылып калабыз.
Б.Мурзубраимов: Демократия тууралуу сөз болуп калбадыбы. Демократияны кадимки эле дарыга салыштырышат. Чын эле көп ичсең зыяны тиет, чени менен пайдалансаң пайдасы тиет. Биз мурда жогору жактын айтканды аткарып көнүп калганбыз да. Эгемендүүлүктөн кийин биз демократияны эркиндик, ээнбаштык деп эле сезип калдык да. Айрым мыйзамдар да кабыл алынып калды, мисалы депутаттар айткан сөзүнө жооп бербейт деп. Жоопкерчиликсиз айтылган сөздөрдөн канчалаган адамдар жапа чегүүдө. Сот иштери аягына чыкпайт.Эмне оозго келсе сүйлөйбүз, жоопкерчиликсиз айтылган сөзгө эч ким жооп бербейт.Ал эми мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Ар ким өзүнүн кылган иши менен айткан сөзүнүн жоопкерчилигин сезиш керек. Сөзүмдүн акырында айтаарым, бир мамлекетте эмес, мамлекеттер ортосунда да ынтымак менен биримдик болушу керек.
Биринчи радио: Албетте, Кыргызстандын бүтүндүгү, келечеги ар бир кыргызстандык жарандан көз каранды. Сиздердин акыл кебиңиздер, насаат сөзүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Маектешкен Таалайгүл Чабдарова