Жаңылыктар
Президенттин Түркияга сапары - эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө даяр экенин далилдейт
Саясат
Президенттин Түркияга сапары -  эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө  даяр экенин далилдейт

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кечээ Түркияга жасаган расмий сапардын алкагында Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолуккан. Анда Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдоган тар жана кеңири форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Мамлекет башчысынын Түркияга расмий визитинин жыйынтыгы менен биргелешкен документтерге кол коюлду.


9-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия Республикасына эки күндүк расмий сапары башталды. “Эсенбога” эл аралык аба майданында жогорку конокту Түркиянын Вице-премьер-министри Хакан Чавушоглу, Анкара облусунун губернатору Эржан Топажа, Анкара шаарынын мэри Мустафа Туна, Анкара территориалдык гарнизонунун начальниги Али Сиври, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камиль Фырат жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов тосуп алышты.


Бул расмий сапар Кыргызстандын Түркия менен жалпы маданиятка жана тилге негизделген эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даяр экенин далилдейт. 


Визиттин башкы максаты - жогорку саясий диалогду түзүү, кыргыз-түрк кызматташтыгындагы маселелер боюнча пикир алмашуу, соода-экономикалык байланыштарды күчөтүү, ТүркПА, Түрксой, Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында Түркия менен кызматташууну өнүктүрүүгө түрткү берүү.