Жаңылыктар
Жылуулук борборунда түзүлгөн абал боюнча териштирүү иштери уланууда
Коррупция
Жылуулук борборунда түзүлгөн абал боюнча териштирүү иштери уланууда

Кыштагы ызгаар суукта Бишкек жылуулук берүү борборунда түзүлгөн абалга байланыштуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев жана энергетикалык ишканалардын бир катар жооптуу жетекчилери кызматынан бошотулду. 



Айрым аткаминерлерге сөгүш берилди. Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦинде түзүлгөн кырдаалдын себептерин иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Теманы кабарчыбыз Нургүл Жумабекова улантат.

Сапар Исаков мекемелер аралык комиссия чыгарган корутунду менен терең таанышып чыкканын айтты. Анын жыйынтыгында өкмөт башчы "ТЭЦте түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кыш чилдесинде бүтүндөй шаар тургундары жылуулуксуз калганы бул - шалаакылык мамиле болгон", - деди. Премьер-министр бул кырдаалга жооптуу болгон аткаминерлерге, энергетикалык компаниянын жетекчилери жана кызматкерлерине укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Исаков көзөмөлдөөчү орган кылмыш ишин козгогонун жана учурда тергөө иштери уланып жатканын белгиледи.


Айбек Калиев Бишкек жылуулук берүү борборунда түзүлгөн абалдан кийин кызматтан чегинүү арызын берген. Бирок өкмөт башчы абалды териштирип, ким күнөлүү же күнөлүү эмес экенин дыкат талдоо үчүн Калиевдин арызын кабыл алган эмес. Узак Кыдырбаев болсо Бишкек ТЭЦиндеги аварияга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча 4-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан камакка алынган.