Жаңылыктар
Өзгөндөгү Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо аянттарын каптоодо
Өзгөчө кырдаал
Өзгөндөгү  Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо аянттарын каптоодо

Өзгөн районундагы Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, ал айдоо аянттарын каптоодо. Мындай маалыматты жеринен КТРКнын Ош облусундагы атайын кабарчысы Миргүл Бокошова билдирди. Баш-Дөбө айыл аймагында 253 гектар жерди суу каптаган.

Андан тышкары, 50 турак үйдү каптоо коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында иштеп жатат. 

Кыргызгидромет ишканасы өлкө аймагында 10-11-апрелде жаан-чачын көп болорун, тоолуу аймактарга кар түшөрүн, дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал экендигин эскерткен.