Жаңылыктар
С. Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасы менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасы менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-апрелде Түркиядагы кыргыз диаспорасы менен жолукту. Жолугушууга Түркиянын түрдүү шаарларында иштеген жарандар, студенттер катышты. Түркиядагы кыргызстандыктар акыркы учурда мигранттар көбөйгөндүктөн укуктук жардам көрсөтүү зарылчылыгы туулганын билдиришти. Алар Түркияга жумуш таап берээрин билдирген ар кандай алдамчы фирмалар көбөйгөнүн бул маселени тартипке салууну президенттен суранышты. Президент бул боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берип, көзөмөлгө алууга убада берди. 

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков баштаган жумушчу топтун Түркияга болгон расмий сапары 9-апрелде башталып, 10-апрелде жыйынтыкталды. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Европага Бельгияга расмий визит менен барат. Кененирээк кийинки материалда сөз болот. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"