Жаңылыктар
ЖК Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча президент Жээнбековдун сунушун колдоду
Саясат
ЖК Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча президент Жээнбековдун сунушун колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун колдоду. Токтом долбооруна 105 депутат "макул" эки депутат “каршы” деген добушун берди. Бардыгы болуп 110 депутат каттоодон өткөн. Добуш берүү болсо ачык өттү.

Парламенттин отурумуна Индира Жолдубаеванын өзү келген жок. Төрага Башкы прокурор парламентке маселени ансыз эле талкуулай берүүнү өтүнгөн кат жолдогонунун билдирди. Мындан улам палата маселени кароого киришти.
Өлкө башчысынын Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча сунуштамасында келтирилген жүйөлөр боюнча Президенттик аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады. Анда прокуратура жүктөлгөн милдеттерин так аткарбаганы, коррупцияга каршы күрөшүү чаралары жетишсиз экени белгиленди.
Жолдубаеванын өзү келбеген соң маселени ашыкча талкуулабастан дароо добуш берүүгө өтүү демилгесин жана башка сунуштарды көтөргөн депутаттар жыйынтыгында ачык добуш берүүгө өттү. Токтом долбооруна 105 депутат "макул" эки депутат “каршы” деген добушун берди. Бардыгы болуп 110 депутат каттоодон өткөн. 39 жаштагы Индира Жолдубаева 2015-жылдын 29-январында Башкы прокурор болуп дайындалган.