Жаңылыктар
Кочкор районунда бала бакча толугу менен оңдоодон өтүп, ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкор районунда бала бакча толугу менен оңдоодон өтүп, ишке кирди

Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы бала бакча толугу менен оңдоодон өтүп, ишке кирди. Отуздан ашык бөбөктү кубанычка бөлөгөн жайдын ичинде бардык шарты каралган.

Бала бакчада отуздан ашык жеткинчек тарбия алат. Шарты мурдагыга караганда бир топ эле оңолду, ал тургай балдардын оюнчуктарына чейин жаңыланды. 

Аны оңдоп-түзөөгө Жарандык коом менен биргеликте Германиянын эл аралык кышматташтык коому көмөк көрсөткөн. Жалпы эки миллион сомдон ашык каражат кетти.