Жаңылыктар
Базар-Коргон районунда сарымсактын аянты жыл сайын кеңейүүдө
Айыл чарба
Базар-Коргон районунда сарымсактын аянты жыл сайын кеңейүүдө

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда сарымсактын аянты жыл сайын кеңейүүдө. Дыйкандар бул жашылчага ыктап жатышканынын себебин, ага карата баанын жогору экендиги менен түшүндүрүшөт. Өткөн жылы район боюнча 1 миң 500 тоннадан ашуун сарымсак өндүрүлүп, анын тең жарымы чет мамлекетке экспорттолгон.

Дыйкандардын сарымсагы май айынын аягына барып бышат. Андан соң жерди дагы бир жолу иштетип калууга үлгүрүшөт. Экинчи жолу помидор менен бадыраң эгилет. Ошентип, дыйканчылыктын сырын мыкты өздөштүрүп алган Базар-Коргондук дыйкандар, жерди туура пайдалануу менен киреше булагын көбөйтүшүүдө.