Жаңылыктар
Бүгүн “Акылдуу шаар” долбоорунун алгачкы этаптары ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн “Акылдуу шаар” долбоорунун алгачкы этаптары ишке кирет

Бүгүн12-апрелде Өкмөттүн “Акылдуу шаар” долбоорунун алгачкы этаптары тесттик режимде ишке киришет. Бул тууралуу Жогорку Кенештин КСДП фракциясынын жыйынында Премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында Борбор калаанын үч көчөсүндө долбоорунун алкагында видеокамералар  иштеп жатат. Буга чейин “Акылдуу шаар” долбоорун өкмөт өз күчү менен ишке ашырууга ниеттенип жатканын Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев өкмөттүн 2017-жылда жасалган иштери тууралуу отчёт берип жатып билдирген. Ал учурда бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү үч компания аракет кылып жатканын айтты. 

Депутаттар долбоор ишке ашырылышы боюнча бир катар суроолорун да узатты. Буга чейин инвестициялык долбоордун милдеттери аткарылбагандыктан, өкмөт "Акылдуу шаар" долбоору боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимден чыккандыгын кабарлаган. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"