Жаңылыктар
Түркияда сойкулук менен алектенген кыргыз кыздарынын саны көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Түркияда сойкулук менен алектенген кыргыз кыздарынын саны көбөйүүдө

Түркияда сойкулук менен алектенген кыргыз кыздары көбөйүп барат. Маалыматтарга караганда, көпчүлүгү бул жактан алданып кеткендер, арасында сойкулукту кесип тутуп, алдыга атайын максат кылып баргандары да  бар. Түркияда көп жылдардан бери жашап, иштеп жаткан айрым мекендештер, жарандар бул жакка келерден мурун сунушталган жумуштарды тактап  билишсе  деген өтүнүчтөрүн билдиришүүдө.  

Базарларда жарналамаланып жаткан  жумушчу орундар  көбүнчө адам сатуу менен коштолот деген алар, бул маалыматтарды 10-апрелде өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында эмгек мигранттары менен жолугушуу учурунда билдиришкен. Буга чейин ички иштер министрлигинин тиешелүү кызмат өкүлдөрү келин-кыздар Түркияда сексуалдык кулчулукка сатылып кетип жатышкандыктарын маалымдашканы бар. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"