Президент Сооронбай Жээнбековдун иш сапары Бельгия Королдугунда уланууда. Визиттин алкагында мамлекет башчынын Евробиримдиктин институттарынын жогорку жетекчилери менен жолугуусу күтүлүүдө. Кыргыз лидери Брюсселге 11-апрелде барды.
Белгияда президент Сооронбай Жээнбековдун Евробиримдиктин институттарынын жогорку жетекчилери менен жолугуусу күтүлүүдө. Сапардын максаты - Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты жана өнөктөштүктү кеңейтүү тууралуу жаны келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө саясий дем берүү жана жеке байланыштарды калыптандыруу. Ошондой эле аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташуу боюнча маселелер каралат.
2013-жылдан баштап, акыркы беш жылда Кыргызстан менен Евросоюздун эки тараптуу кызматташуусу жанданганын байкоого болот. Адистер муну Кыргызстан демократиянын принциптерин туу тутуп, адам укуктарын сактоо мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүндөгү башкы баалуулук катары караганы менен байланыштырышат. Еробиримдиктин көптөгөн байкоочулары Кыргызстандагы президенттик шайлоого көз салышып, анын ачык, атаандаштыктын негизинде, жогорку стандарттарга ылайык өткөнүн айтышкан.
Европа союзу бүгүнкү күндө дүйнөдөгү кубаттуу биримдик. Калкынын саны 550 миллиондон ашат. Уюмдун экономикасы дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн 32% дан ашыгын түзүп, дүйнөдөгү экономикалык жактан абдан абройлуу уюм.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Евросоюздун бир канча долбоорлору ишке ашууда. Алар билим берүү, сот системасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча долбоорлор. Каржылык жардам жетекчиликтин макулдугусуз ишке ашпайт. Чечимдер жогорку саясий деңгээлде кабыл алынат. Декабрда Европа биримдиги Кыргызстан менен өнөктөштүктү кеңейтүү жөнүндө жаңы келишимди иштеп чыгуу башталганын жарыялаган. Келишимге өз ара пайдалуу долбоорду киргизүүгө болот. Бирок документти иштеп чыгуу, макулдашуу, ратификациялоого аз дегенде 2 же 3 жыл керектелерин дипломаттар белгилешет. Ошондуктан жараянды тездетүү бүгүнкү жолугушуулардагы негизги маселелердин бири.