Жаңылыктар
Кыргызстан курамасы дүйнөлүк рейтингинде жаңы рекордду жаратты
Спорт
Кыргызстан курамасы дүйнөлүк рейтингинде жаңы рекордду жаратты

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы 75-орунду ээлеп, курама командалардын дүйнөлүк рейтингинде жаңы рекордду жаратты.

Тизменин жаңыланган версиясы 12-апрелде Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясынын расмий сайтында жарыяланды.

Март айында Александр Крестинин жетектеген курама командабыз Мьянма (22-мартта) жана Индия (27-мартта) курама командаларынын үстүнөн эки ирет жеңишке жетишип, тарыхта алгачкы жолу 2019-жылы өтө турган Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкты. Бүгүн болсо ФИФАнын рейтингинде рекорддук позицияны – 75-орунду ээлеп отурат. Мурда (2016-жылдын октябрында) тарыхый чек катары 99-орун эсептелип келген.

Азия континетиндеги эң мыкты командалардын рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 7 орунду ээледи. КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн арасында биздин команда 3-орунду ээлеп, Украина(30) жана Россия (66) командаларынан гана кийин турат.

40 позицияга секиргендиги үчүн “Айдын эң мыкты командасы” наамын да Кыргызстандын курама командасы жеңип алды.

Рекорд коюп, тарыхта кала турган кез келди!