Жаңылыктар
Алжирде аскер учагынын кыйрашынын кесепетинен 257 адам каза болду
Кырсык
Алжирде аскер учагынын кыйрашынын кесепетинен 257 адам каза болду

Алжирде аскер учагынын кыйрашынын кесепетинен 257 адам каза болду. Кырсык 11-апрелде болгон. Аскердик жүк ташыган «Ил-76» учагы абага көтөрүлгөндөн бир нече мүнөт өткөн соң кулаган. 

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. "Аль Арабия" агенттигинин маалыматында учак өлкөнүн түндүгүнөн түштүк-батышындагы Бешар шаарына сапар алган. Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө учакта аскерлер жана алардын туугандары болгону айтылды. Алжирдин өкмөтү үч күндүк улуттук аза күтүүнү жарыялады.