Жаңылыктар
12-апрель - бүткүл дүйнөлүк космонавтика күнү
Кыргызстан жаңылыктары
12-апрель - бүткүл дүйнөлүк космонавтика күнү

12-апрель - бүткүл дүйнөлүк космонавтика күнү. Советтик космонавт Юрий Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылы "Байконур" космодромунан учуп, Жер планетасын толугу менен айланып чыккан. Ал жердин айланасындагы ааламда 108 мүнөт болуп, Россиянын Саратов облусунда аман-эсен конгон. 

1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн – Космонавтика Күнү деп жарыяланып, майрам катары белгилене баштаган.

Адамзаттын тарыхында космос мейкиндигине чыккан биринчи адам Юрий Гагарин болсо, Кыргызстандан космосту Салижан Шарипов багындырган.