Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуя боюнча маселе жеринде талкууга алынды
Чек ара
Кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуя боюнча  маселе жеринде талкууга алынды

Баткен облусу менен Өзбекстандын Сох анклавынын чек ара аймагында болгон окуя боюнча эки мамлекеттин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү жолугуп, маселени жеринде талкуулашты. 


Баткен районунун Боз-Адыр айылынын тургундары Өзбекстандын Сох анклавында орун алган сугат суу жеткирүүчү насостук станцияны башка аймакка көчүрүүнү талап кылып чогулушту. 


Айтымдарында суу жеткирүүчү насостук станция Кыргызстанга тиешелүү болгону менен Өзбекстандын аймагына жайгашып калган. Мындан улам сугат суунун нугун бурууда ар дайым чек арадан өтүүгө мажбур болушат. Бул аралыкта эки тараптуу келишпестиктер байма-бай пайда болуп турат.


Боз-Адыр айылынын тургуну Азизжан Мансуров 10 жылдан бери “Ширеч” насостук станциясында иштейт. Ал 9-апрелде насостук станцияда нөөмөттө болгон. Ал учурда коңшу өлкөнүн төрт жараны келип, андан станцияны таштап, чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Ортодо чыр чыгып, Азизжан башынан жараат алган.