Жаңылыктар
Өзгөндөгү Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө
Өзгөчө кырдаал
Өзгөндөгү Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө

Өзгөндөгү Кара-Дарыянын жээгине суу ташкындарынан убактылуу коргой турган, 200 метрге созулган дамба курулат. Өзгөчө кырдаалдар министри ошол дамбаны ыкчам түрдө баштоону ӨКМдин тиешелүү бөлүм башчыларына тапшырды.

Убактылуу коргоочу дамба тез арада, суу каптап кетүү коркунучун жоюу үчүн курулмай болду. Эскерте кетсек, 11-апрель күнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, суу нугунан чыгып, дарыянын жээгине жакын жайгашкан айылдын жашоочулары пайдаланган айдоо аянттарын каптаган. 

Муну менен катар турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, дарыянын боюндагы кум, шагылды айрым жеке менчик уюмдар казып бизнес кылгандыктан, жээкти суу жеп кеткен болчу. Учурда Кара-Дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.