Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбековдун Бельгиядагы иш сапары аяктады
Саясат
Президент Сооронбай Жээнбековдун Бельгиядагы иш сапары аяктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Бельгиянын борбору Брюссель шаарындагы иш сапары аяктады. Визиттин алкагында мамлекет башчы Евробиримдиктин институттарынын жогорку жетекчилери менен жолугушту. 

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушуп, тараптар - Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилени бекемдеген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдө өсүш болгонунун белгилешти.




Соңку жарым жылда Сооронбай Жээнбеков менен Федерико Могерини экинчи ирет жолугушууда. 10-ноябрда Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кыргызстанга жумуш сапары менен келген. Ошондо эле ал Кыргызстандын жаңы шайланган президентин өлкөнүн экономикасын жана демократиялык өнүгүүгө багытталган саясаттын колдоого даяр экенин билдирген.
Президент Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча диалогду улантып жатканына кубанычта экендигин баса белгиледи.