Жаңылыктар
Т.Сариев: Чек ара маселесинде этият бололу
Кыргызстан жаңылыктары
Т.Сариев: Чек ара маселесинде этият бололу

Кыргызстандын 1 сантиметр жери да эч кимге берилбейт. Бул тууралуу премьер-министр Аксы жана Ала-Бука райондорунун эли менен жолугушууда билдирди. Темир Сариев өлкөнүн бүтүндүгүн жана кол тийбестигин сактоо үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн убада кылды. 

“Биздин өлкөнүн 1 сантиметр жери да эч кимге берилбейт. Бул - президенттин, өкмөттүн так жана ачык позициясы. Биздин колубузда документтер бар. Ошонун негизинде гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, - деди Темир Сариев. 

Ошол эле учурда өкмөт башчы чек ара эки мамлекеттин ортосундагы макулдашуу менен ишке ашаарын билдирип, буга этияттык менен мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи. Премьер-министр чек ара тилкелерин такташуу маселеси эки өлкө ортосундагы макулдашуу менен аныкталган документтерге негизделиши керектигин кошумчалады.