Жаңылыктар
"Таза Коомдун" алкагында жүрүп жаткан алгачкы жыйынтыктар тааныштырылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Таза Коомдун" алкагында жүрүп жаткан алгачкы жыйынтыктар тааныштырылды

Өлкөдө "Таза Коом" санариптик транформация улуттук программасына камтылган долбоорлор четинен өрүш алып, ишке ашууда. Өзгөчө жол эрежесине, коммуналдык кызматтарга төгүм жүргүзүү, мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө алуу жарандардын купулуна толду. 

Ийгиликтүү ишке ашып жаткан долбоорлор премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн, ишкер чөйрө, эксперттердин катышуусунда "Таза Коом"дун алкагында жүрүп жаткан алгачкы жыйынтыктар тааныштырылды. Ал гана эмес планшет аркылуу кызматтарды кандай колдонуу керектиги жеринде көрсөтүлдү. 


Бул жолу “Таза Коом” программасындагы ийгиликтүү ишке ашып жаткан онго чукул долбоор тааныштырылды. Анын арасында жаңы гана иштелип чыкканы жана учурда сыноо иретинде колдонулуп жатканы бар. Башкысы бул долбоорлордун артында иш билги адистердин мээнети турат.

Ал долбоорлордун бири жакындан бери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору колдонуп жаткан
протоколдорду жеринде планшет менен толтуруу тутуму. Тагыраагы инспекторлор эми административдик протоколдорду планшет аркылуу түзөт, айдоочунун кайсы мыйзамды бузганы ага карата чегерилген айыптын көлөмү жазылган дүмүрчөктү атайын принтердин жардамы менен жеринде чыгарып берет. Бул система эң башкысы убакытты албайт, экинчи жагы коррупцияга жол берилбейт. Азыр долбоор Бишкекте сыноо катарында иштеп жатат.