Жаңылыктар
Тогуз-Торо районундагы алтын чыгаруучу ишканада учурда абал туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
Тогуз-Торо районундагы алтын чыгаруучу ишканада учурда абал туруктуу

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы алтын чыгаруучу ишканада учурда абал туруктуу. Азыр ал жерде жергиликтуу мекеме жетекчилеринен куралган комиссия иш алып барууда. Ал эми милиция элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. 


Ишкананын дарбазасынан элдин калың тобу суудай эле агылып кирип, дароо эле ичиндеги имараттарга өрт коюу менен баштаган. Күбөлөрдүн айтымында келгендердин саны эки жарым миңден ашып, короонун ичине батпай калган. 

Келгендер милиция кызматкерлерине баш бербей, таш ыргытып, баш аламандык пайда болуп, бул ишкананын эң орчундуу бөлүгүн кара түтүн каптап, жалындаган өрт чыга баштаган. Чогулгандардын негизги талабы ишкананын курулуш ишин токтотуу болчу.