Жаңылыктар
Өзбекстандагы кыргыз мектепке Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылат
Билим
Өзбекстандагы кыргыз мектепке Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Залкар жазуучунун мааракеси быйыл Өзбекстанда дагы жогорку деңгээлде белгиленет. Ташкент облусундагы №33 мектепке улуу жазуучунун ысымы ыйгарылып, эстелиги коюлат. 


Хайрулло Усманов 25 жылдан бери Ташкент облусундагы Паркент районунда жайгашкан №33 мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет. Биз барганыбызда ал залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун өмүр таржымалы менен "Кыямат" романы тууралуу окуучуларга баяндап жаткан экен.

Билим уясында окуган окуучулар мектепте гана эмес, үйдө дагы кыргыз тилинде сүйлөшөт. Ал тургай, кандай гана майрам болбосун кыргыз бийи менен ыры жаңырып, улуттук кийимдер унутта калбай, кийилет.

8-класстын окуучусу Данияр Ахметалиев Манас айтканды 7 жашында үйрөнгөн. Ал учурда "Каныкейдин Тайторуну чапканынан" үзүндү айтып берүүдө. Бир гана мектепте эмес, Ташкент облусу боюнча өткөн мааракелүү иш-чараларда дагы Данияр Манас айтып, көпчүлүктү таң калтырган.

Мектеп дубанда өткөн предметтик олимпиадаларда жана спорттук иш-чараларда алдыңкы орундарды ар убак багындырып келет. Жакында эле воллейбол боюнча өткөн облустук чемпионатта кыргыз мектебинин окуучулары баш байгенин ээси болушкан.