Жаңылыктар
Бишкектеги Ош базарында кайрадан ири өрт кырсыгы катталды
Кырсык
 Бишкектеги Ош базарында кайрадан ири өрт кырсыгы катталды

Бишкектеги Ош базарын кайрадан ири өрт каптады. Кулиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Берекет" майда дүң соода базарында кырсык түнкү саат үчтөрдө башталган.

Болжол менен 2000 чарчы метрден ашык соода аймагы толугу менен күйүп кетти. Тилсиз жоону өчүрүүгө 14 техника тартылып, жалындаган өрт таң атып, жерге жарык киргенден кийин гана, саат 7:40та өчүрүлдү. 

Бирок учурда ар кайсы жерден кайра тутанып чыккан өрттү өчүрүү иштери токтой элек. Азырынча кырсыктын келип чыгыш себеби тактала элек. 

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары базар атайылап өрттөлгөн болушу мүмкүн деген божомолду билдирди.