Жаңылыктар
С.Исаков сыноо иретинде ишке кирген "Акылдуу шаар" долбоорун сунуштады
Кыргызстан жаңылыктары
С.Исаков сыноо иретинде ишке кирген "Акылдуу шаар" долбоорун сунуштады

Өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун сыноо иретинде ишке киргизди. Андыктан калаанын айрым көчөлөрүндө видео көзөмөл иштеп баштады. Мамлекеттик Ала-Арча резидентциясында долбоорду өкмөт башчы Сапар Исаков өз колу менен ишке киргизип, элге көрсөтүп берди. 

Система дароо  эле жол эрежесин бузган алгачкы айдоочуну ким экенин аныктап койду. Жыйында “Таза коом”  программасынын алкагында ишке ашып жаткан долбоорлордун алгачкы натыйжалары байкала баштаганы белгиленип, сыноо иретинде  ишке киргендери тууралуу маалымат берилди. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"