Жаңылыктар
Жалал-Абаддагы базарлар өрт коопсуздугун алдын алуу эрежелерине жооп бербейт
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абаддагы базарлар өрт коопсуздугун алдын алуу эрежелерине жооп бербейт

Жалал-Абад шаарындагы базарлардын бардыгы эле өрт коопсуздугун алдын алуу эрежелерине жооп бере бербейт. Бул тууралуу күтүүсүз болгон машыгуу учурунда белгилүү болду. Базардын ичиндеги өтмөктөрдүн ыңгайсыз жайгашуусунан улам, өрт өчүрүүчү унаалар соода жайлардын өрт чыккан жерине өз убактысында жете алган жок. 


Алдын-ала түзүлгөн сценарий боюнча калаанын борбордук базарында өрт чыкты. Бул жөнүндө чукул кабар Жалал-Абад шаардык өрткө каршы бөлүмүнө түшөөрү менен өрт өчүргүчтөрдүн эки унаасы заматта жерине жетип келди. Тилсиз жоону өз убагында басып калуу үчүн шашып келген өрт өчүрүүчү унаалар, борбордук базардын эки тарабынан кирди. Унаанын бирөөсү көздөгөн жерине өз убагында жетип, тилсиз жоого каршы аракеттер көрүлгөнү менен экинчи унаа мына минтип, соода түйүндөрүнүн жолго чейин чыгып кеткенинен улам, тыгында калды.


Ушундай эле күтүүсүз машыгуу Базар-Коргон районунун борбордук базарында да болду. Мында да өрт өчүрүү унаа көздөгөн жерине убагында жетип бара алган жок. Буга соода түйүндөрдүн башаламан жайгашкандыгы жана базар ичине чейин жеңил унаалардын токтотулганы тоскоолдук жаратты.


Ал эми базарды жөнгө салуучу тараптар, абалды иретке келтирүү боюнча мерчемдер байма-бай көрүлүүдө дейт. Бирок сатуучулурга канча жолу түшүндүрмө берилгени менен натыйжа чыкпай жатканы көрүнүп турат. Бул жагдайдын дагы бир себеби - базарлардын бардыгы жеке адамдардын колунда. Эскерте кетсек, буга чейин Базар-Коргон районунун борбордук базарынан өрт чыгып, соодагерлер миллиондогон сомго чыгым тартышкан.