Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында борбордук базар өрттөнүп кетти
Кырсык
Жалал-Абад шаарында борбордук базар өрттөнүп кетти

Жалал-Абад шаарында борбордук базар өрттөнүп кетти. Маалыматтарга караганда, 1344 чарчы метр соода аймагы күйүп кеткен. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү башкармалыгынын маалыматына караганда, тилсиз жоо 13-апрелге караган түнү саат экиге жакын башталган. 

Аталган базарда негизинен азык-түлүк сатылчу. Өрткө каршы кызмат, Экотехинспекция эки күн мурда базарда рейд өткөрүп, өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбай жаткандыгын аныктаган. Базар жетекчилигине эскертүү берилген.