Жаңылыктар
Болсунбек Казаков №1 тергөө абагына киргизилди
Коррупция
Болсунбек Казаков №1 тергөө абагына киргизилди

Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаков №1 тергөө абагына киргизилди. Эске сала кетсек, Болсунбек Казаков Ички иштер министрлиги тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу" жана "Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан мыйзамсыз пайдалануу" беренелери менен кармалган. 

Анын кармалышына мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттедждердин арзан баада сатылышы себеп болуп, кылмышка шектелген. 2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеджди 12 жарым гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурда качкын президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгон. Кийинчерээк жаңы бийликтин келиши менен улутташтырылган болчу.