Жаңылыктар
Оштун Жапалак айылынын 600 жашоочусу жаратылыш газына кошулду
Экономика
Оштун Жапалак айылынын 600 жашоочусу жаратылыш газына кошулду

Газдаштыруу иши Кыргыз Республикасынын газдаштыруу жана калкты көгүлтүр от менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасынын жана "Газпром Кыргызстан” ишканасынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашырылды. 

Жаратылыш газы 5 чакырымга тартылып, 9,5 млн сом акча каражаты сарпталды. Оштун башка дагы газ жетпеген аймактарына жаратылыш газын жеткирүү аракети жыл сайын улантыларын айткан адистер, Оштогу эскилиги жеткен 24 чакырымдагы газ куурларын да алмаштырган. 

Азыркы тапта, Ош шаарында жаратылыш газына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон 63 миң 500дөй абонент бар.