Жаңылыктар
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында коррупция токтобой келүүдө
Дин
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында коррупция токтобой келүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында коррупция токтобой келет. Муфтий Максат ажы Токтомушев жемкорлук менен күрөшүүнүн ордунда анын тамыр жайылышына өзү көмөкчү болууда, -деп бир катар укук коргоочулар маалымат жыйында билдирип, президентке кайрылуу катын жөнөтүштү. 

Маалыматтарга караганда, муфтий ажылыктан жана битир-садакан, мечит салууга каралган каражаттарды  жеке кызыкчылыгына пайдалануу менен Бишкек шаарына жана Бириккен Араб эмиратына турак жайларды салып алган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы ажы укук коргоочулар жалган маалымат таркатып жаткандыгын билдиришти. Бул айтылгандарга муфтий Максат ажы Токтомушевдин да өз жообу бар. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.   

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"