Жаңылыктар
Салык кызматынын түзүмү иретке келтирилет
Экономика
Салык кызматынын түзүмү иретке келтирилет

Салык кызматынын түзүмү иретке салынат. Буга байланыштуу мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мыйзамдын максаты - салык органдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды мыйзамдарга ылайык келтирүү жана салык тармагынын ишин уюштурууну жакшыртуу. 

Тактап айтканда, кабыл алынган мыйзамда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндөгү” мыйзамга салык кызматынын органдарынын кызматкерлеринин ишин баалоону жүргүзүү маселелери боюнча тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилген. 

Мындан тышкары, аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чиндери, дипломатиялык рангдары бар адамдар мамлекеттик салык кызматы органдарына өткөндө, ишин баалоону жүргүзбөстөн, ошол аскердик же атайын наамга, атайын класстык чинге, дипломатиялык рангга ылайык атайын наам ыйгарылуусу каралган. Киргизилген өзгөртүүлөр салык кызматынын түзүмүн иретке салат. 

Анткени азыркы учурда мурдагы ведомстволук караштуулуктагы салык органдары жоюлган.Мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан быйыл 1-мартта кабыл алынган.