Жаңылыктар
Чернобыль атомдук станциясынын аймагы туристтер үчүн эшигин ачты
Туризм
Чернобыль атомдук станциясынын аймагы туристтер үчүн эшигин ачты

Чернобыль атомдук станциясынын аймагы жарылуудан 32 жыл өткөндөн соң туристтер үчүн эшигин ачты. Аны орус басылмалары жазды. Туристтер станциянын өнөр жай аянты болгон жерин көрө алышат. 

Анда негизги курулуштар — авариялык № 4 энергоблоктун алдындагы "Укрытие" деп аталган жайы, андан сырткары ички имараттарга да кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Жарылуудан талкаланган жана жабылган саркофагды сырттан карап байкоо салса болот. Туристтерге жарылуу кандай болгону жана кырсыктын кесепетин кантип жоюшканын чагылдырган макет да тартууланат. 

Дүйнөдөгү ири кырсык болгон жерди көрүү үчүн 100 доллардын тегерегиндеги акча алынат. Эске сала кетсек, мындан 32 жыл мурда Чернобыль атомдук станциянда жарылуу болгон. Коркунуч чоң болгондуктан ал аймакка кирүүгө тыюу салынган. Ал эми өткөн жылы адамдар кирүүгө тыюу салынган аймакта алгачкы мейманкана ачылган.