Жаңылыктар
Тогуз-Тородо алтын ылгоочу комбинаттын өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду
Кылмыш
Тогуз-Тородо алтын ылгоочу комбинаттын өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду

Тогуз-Тородо алтын ылгоочу комбинаттын өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, 11-апрелде Тогуз-Тородо митиңге чыккан миңге жакын адам алтын ылгоочу комбинаттын имаратын өрттөп салышкан. 

Ал күнү Премьер-министр Сапар Исаков фабриканы өрттөө фактысы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тийешелүү кызматтарга тапшырган. Өкмөт башчы бул сыяктуу жеке менчиккке кол салуу аракеттерине жол берилбеши керектигин белгилеп, аталган факты боюнча жоопкер бардык жактарга мыйзамга ылайык чаралар кабыл алынышы керектигин баса белгилеген. Маселе коомчулукта чоң талкууну жаратып, Парламентте да бул акылга сыйбаган көрүнүш деген ачуу сындар депутаттар тарабынан айтылды. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.   

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"