Жаңылыктар
Ош базарында үчүнчү жолу өрт кырсыгы катталды
Кырсык
Ош базарында үчүнчү жолу өрт кырсыгы катталды

Борбор калаадагы Ош базарында кайрадан өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов “Биринчи радиого” билдиргендей, кырсык боюнча билдирүү саат 3 төн 50 мүнөт келип түшкөн.  

Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо Ош базардагы “Берекет” кичи базарынан орун алып, 2000 чарчы метрдей аянты  күйүп кеткен. Учурда өрттүн  себеби такталууда, тиешелүү кызматтардан түзүлгөн  комиссиянын тыкыр иликтөөсүнөн кийин тыянак чыгарылат. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"